Германияда кечээ Дрезденде өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча Христиан-демократиялык партиянын лидери Ангела Меркел алдыга озуп баратат. Германиядагы байкоочулардын баамында, Ангела Меркелдин партиясы Шрөдердин Социал-демократиялык партиясына караганда, Бундестагда 4 орунду көп алышы мүмкүн. Бирок дагы эле бир да партиянын өкмөттү түзүүгө добушу жетпейт. Ушундан улам Меркел менен Шрөдер чоң коалиция түзүүгө мажбур болушу мүмкүн, деп жатышат.