Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Пахта заводдун өкүлдөрү облустук бийлик имаратынын алдына келишти


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабат пахта заводунун жыйырмадан ашык мурдагы өкүлү облустук бийликтен жабык типтеги “Кыргыз пахта” акционердик коомунун ээлигинде турган заводду өздөрүнө кайтарып берүүнү өтүнүштү. Аларды губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов кабыл алды. Заводдун өкүлдөрү облустук, райондор аралык жана облусук сот коллегиясынын чечими чыккыча эч кандай мыйзам бузууга барбай, чыдамдуулук менен алардын чечимин күткөндүгүн, сот алар каалагандай чечим кабыл алганын билдиришти. Соттук коллегия Жалалабат шаар мэриясынын заводду “Ак пахта” коомуна берүү жөнүндөгү буйругун жараксыз деп таап, “Кыргыз пахта” акционердик коомунун райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу апелляциялык арызын четке каккан. Жаныш Курбанов өкүлдөргө соттун бүтүмүнөн кийин 7-10 күн күтүү зарылдыгын жана “Кыргыз пахта” коомунун Жогорку сотко даттанууга укугу бар экенин, акыркы чекитти Жогорку сот койоорун түшүндүрдү. Губернатор орунбасарынын маалыматы боюнча, анын катышуусунда заводдун мурунку жана азыркы ээлери менен сүйлөшүүлөр болду. Ишканын 20 пайызы заводдун жамаатчылыгына, 60 пайызы мамлекетке жана дагы 20 пайызы Санкт-Петербург шаарындагы “Аренген” фирмасына таандык.

XS
SM
MD
LG