Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

“Аксы” коому Бекназаровду депутаттыкка көрсөтөт


БИШКЕК. Баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан «Аксы» коому кезектеги жыйынын өткөрүп, анда мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровду №20 Аксы шайлоо округу боюнча депутаттыкка көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу дүйшөмбүдө коомдун мүчөсү Жээналы Камбаралиев билдирди. Азимбек Бекназаров 2000-жылкы жана 2005-жылкы парламенттик шайлоодо ушул эле округдан эки ирет депутат болуп шайланган. Бирок март окуясынан кийин башкы прокурор болуп дайындалгандыгына байланыштуу июнь айында депутаттык мандатын өткөрүп берген. Ал эми 19-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Азимбек Бекназаров кызматынан алынган. Муну президент Карасуу окуясын териштирүү максатында түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын тыянагы менен негиздеген. Аксы округунда парламенттик шайлоо президенттин жардыгына ылайык 27-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG