Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:09

Санкт-Петербург жыйынына кыргыз делегациясы да катышат


БИШКЕК. 6-7-октябрда Санкт-Петербург шаарында Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу болот. Кыргызстандан ага президент Курманбек Бакиев баш болгон делегация катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Болот Мукашев 3-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, Санкт-Петербург жыйынын күн тартибинде алты маселе бар. Алардын ичинде соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, Борбор Азия рыногун түзүү боюнча концепцияны жактыруу жана регион алкагында маданият форумун өткөрүү өңдүү маселелер бар. Борбор Азия кызматташуу уюму 1994-жылы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан тарабынан түптөлүп, алгач Борбор Азия экономикалык шериктештиги деп аталган. 2002-жылы азыркы аталышты алган. Орусия болсо уюмга 2004-жылдын октябрында мүчө болуп кирген.
XS
SM
MD
LG