Швейцария Орусиянын атом энергетикасы боюнча мурдагы министри Евгений Адамовду АКШга өткөрүп берүү чечимине келгенин бүгүн өлкөнүн юстиция министрлиги билдирди. Адамовду Швейцария бийликтери АКШнын өтүнүчү менен быйыл май айында камака алган эле. Аны өткөрүп алууга Орусия да аракеттенип жаткан. Москва Адамов Орусиянын өзөктүк технология жаатындагы жашыруун сырларын АКШда ачыкка чыгарып жиберет, деп кооптонот. Америкалык прокурорлор Адамовду Орусиянын өзөктүк жайларынын коопсуздугун жакшыртуу үчүн АКШдан бөлүнгөн 9 миллион доллар каражатты жеп-ичкен деп айыптоодо. Швейцариянын юстиция министрлигинин билдиргенине караганда, орусиялык мурдагы министр эми аны АКШга өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимди отуз күндүн ичинде аппелляцияга бере алат.