Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Ташкенде Анжиан окуясы боюнча сот жараяны уланууда


Сот жараянында бүгүн жоокерлер көрсөтмө беришти. Алар сотто Анжиандагы демонстранттарга шаардан чыгып кетүү сунуш кылынганын, бирок демонстранттар мунун ордунда жоокерлердин командирин өлтүрүп, барымтадагыларды ата баштаганын билдиришти. Жоокерлер мамлекеттик айыптоочунун демонстранттар баш аламан урушта бири-бирин өлтүрдү деген билдирүүсүн колдошту. Өзбек өкмөтүнүн эсебинде, Анжиандагы козголоңдо 187 адам, көпчүлүгү исламчыл согушкерлер мерт болгон. Укук коргоочулар болсо, каза тапкан бир нече жүз кишинин көпчүлүгү жөн-жай адамдар экенин айтышат. Соттолуп жаткан алгачкы он беш айыпкер сотто күнөөсүн буга чейин эле моюнуна алышып, тыюу салынган исламчыл уюмдун мүчөсү экенин билдиришкен. Алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG