Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 4-декабрдагы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн 12 адамдын талапкерлигин жактырды. Жалпысынан президенттикке 17 киши ат салышууну көздөгөн эле, бирок алардын 12си гана тийиштүү сынактардан өткөн. Байкоочулардын баамында, башкы эки талапкер - азыркы президент Нурсултан Назарбаев менен "Адилет Казакстан үчүн" оппозициячыл кыймылынын лидери Жармахан Туякбай.