Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр белгиленген мөөнөттө ачылган жок


Уюмга мүчө 25 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Түркияга сунуш кылынуучу шарттар боюнча мунаса таба албаган соң, сүйлөшүүлөрдүн башталышына арналып, 3-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 21ге белгиленген салтанат токтотулган эле. Эки күндөн бери уюмдун алкагындагы ич ара сүйлөшүүлөрдө Австрия Түркияга толук мүчөлүк статус сунуш кылынышына каршы болуп жаткан. Ал эми түрк өкмөт башчысы Режеп Эрдоган анын өлкөсү толук мүчөлүктөн башка сунушту кабыл албасын билдирген болчу. Соңку кабарларга караганда, Евробиримдик Түркия менен сүйлөшүү баштоо боюнча компромисттик келишимге жетишкен. Анын маңызы эмне экени кабарланган жок. Белгилүүсү Австрия Түркия Евробиримдикке толук кандуу мүчөлүгүнө каршылык көргөзбөөгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG