Ирактын президенти Жалал Талабани Чехиядагы визити учурунда премьер-министр Ибрагим ал-Жаафаринин кызматтан кетүүсүн талап кылган эмесмин деп билдирди. Анын айтымында, ал премьер-министрди 15-октябрда боло турган референдумга чейин өлкө коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир катар кемчиликтерин жоюуга чакырган. Ирактагы аз сандагы күрддөрдүн бири, президент Жалал Талабани шиилердин өкүлү болгон премьер-министрди жаңы өкмөт түзүүдө күрддөргө кызмат бербей койду деп, жекшембиде сынга алган. Андан кийин Талабанинин өкүлү ал-Жаафарини кызматтан кетүүгө чакырган болчу.