Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Кыргызстанда саясий кризистин белгилери барбы?


БИШКЕК. Кыргызстанда ыңкылаптан кийин саясий кризистин белгилери пайда боло баштады. Мындай пикирин 4-октябрда Дүйнөлүк банктын Кыргызстанга келген мииссиясынын жетекчиси Роланд Кларк премьер-министр Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда билдирди. Ал мындан ары да Кыргызстанда административдик реформаны жүргүзүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан "ЖИСАК» программасынын алкагында акча каражаттары бөлүнөөрүн белгиледи. Аталган программа өлкөдө 2003-жылдан бери ишке ашырылууда. Буга чейин Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандагы административдик реформаны жүргүзүүгө 5 млн. АКШ доллары бөлүнгөн. Аталган банктын эксперттери белгилешкендей, өлкөдөгү «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мамлекеттик кызматчыга өз кызматын аткарууда өтө жогору шарттар коюлушу керек. Алардын ишмердүүлүгү атуулдук коомдун көзөмөлүндө болууга тийиш. Келечекте Кыргызстанга административдик реформаны жүргүзүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 15 млн. доллар бөлунүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG