Пакистандын жетекчилигинин айтымында, акыркы күндөрдө ооган чек арасында жашынган согушкерлер менен айыгышкан кагылышуулар жүрүп жатат жана кыркка жакын лашкер өлтүрүлдү. Түштүктөгү Забул провинциясында болсо согушкерлердин жетекчилеринин бири, Мулла Сафар Мохаммед деген адам камакка алынды.