Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

АКШ менен БУУ Ирактын парламентин сынга алды


БУУжана АКШ Ирактын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча 15-октябрда боло турган референдумдун алдында шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүнү катуу сынга алышты. Алардын айтымында, өзгөртүү эл аралык стандарттарга дал келбей турган жана кабыл алууга мүмкүн эмес. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, долбоорду өткөрбөй коюу кыйын болот. Ал үчүн тизмеге алынган шайлоочулардын үчтөн экиси же кеминде үч дубандын шайлоочулары каршы добуш бериш керек. БУУ менен АКШ мындай өзгөртүү Конституция долбооруна каршы болуп жаткан шиилердин каршы добушун жокко чыгаруу үчүн жасалган аракет, деп санап жатышат.

XS
SM
MD
LG