Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Евробиримдик орусиялык жарандарга визаны жеңилдетти


Улуу Британияга барган Орусиянын президенти Владимир Путин Евробиримдиктин жетекчилери жана Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолугушуп, терроризмге каршы күрөшүү, газ, мунай сатуу маселесин талкуулады. Путин орусиялык жарандардын Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына кирүүсүнө визанын жеңилдетилгендигине ыраазылык билдирди. Евробиримдик кабыл алган чечим боюнча орусиялык окумуштуулар, студенттер, саясатчылар, ишкерлер жана дипломаттар үчүн Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына кирүү визасы жеңилдетилди.

XS
SM
MD
LG