АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс эмдиги жумада Ооганстанга жана Борбор Азия мамлекеттерине барат. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсү боюнча ал Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда болуп, бул мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушат. Анда аталган мамлекеттердин АКШ менен экономика, коопсуздукту камсыз кылуу жана демократияны бекемдөө багытында кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.