Бирок окумуштуулардын алдында буга медиктерди ишендирүү өңдүү татаал иш турду. Ачылыштын туура экенин көз көрүнөө далилдөө үчүн доктор Маршалл лабораторияда өстүрүлгөн Пилори бактерияларын ичип алып, гастриттин оор түрүнө дуушар болгон. Антибиотиктер менен дарыланган соң Маршалл ден соолугун кайра калыбына келтирген, бирок ошону менен бирге эле өзүнүн гипотезасы туура экенин далилдеп бергенге жетишкен. Акыры 1994-жылы АКШнын Улуттук Саламаттык Институту конференция өткөрүп, Уоррен менен Маршаллдын ачылышы эбактан орун алган медициналык көз карашты өзгөртүүгө негиз берет, деп жарыялаган.
Хеликобактер Пилори деген бактерияларга 1875-жылы немец окумуштуулары туш болушканын айта кетели. Бирок 19-кылымда окумуштуулар бактериянын уңгусун таап, анын ашказанда кандайча жашай ала турганын изилдеп чыга алышкан эмес. Ошон үчүн бул ачылыш тез эле унутта калып калган. Адамдын ашказанында туздуу кислотанын олуттуу өлчөмдөгү концентрациясы бар. Ашказандын былжыр кабыкчасы иштеп чыгып туруучу бул кислота тамакты сиңирүүгө катышып, ар түрдүү микроорганизмдерди нейтралдаштырат, башкача айтканда, алардын таасирин жоготот. Медиктер туздуу кислота бардык чоочун организмдерди, анын ичинде, чоочун бактерияларды өлтүрөт, деген көз карашта болушкан. Ошон үчүн медиктер гастрит жана ашказандын жарасы өңдүү ооруларга бактериялар себеп болот, деп ойлошкон эмес.
Доктурлар Уоррен менен Маршалл жасаган ачылыш калк арасында кеңири тараган гастрит жана ашказандын жарасы сыяктуу ооруларды консервативдүү ыкмалар менен дарылоого жана аларды биротоло айыктырууга жол ачты. Ошон үчүн 50 доктурдан турган Нобель Ассамблеясы бул ачылышты бийик сыйлыкка татыктуу ачылыш деп тапты.