Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Тажикстанда оппозициядагы башкы партиянын лидери узак мөөнөткө түрмөгө кесилди


Сот Тажикстандын демократиялык партиясынын лидери Макмадурзи Искандеровго 23 жылдык түрмө жазасын чектеди. Өлкөнүн Жогорку сотунун судьясы Зафар Азимовдун айтымында, ал сегиз кылмышы үчүн, анын ичинде террорчулук жана мамлекеттин мүлкүн жеп ичкени үчүн айыптуу деп табылды. Искандеровду былтыр декабрда Тажик бийликтеринин өтүнүчү менен Орусия камака алган эле. Бирок кийин Тажикстанга өткөрүп берүүгө негиз жок деген жүйөө менен кайра бошоткон. Ушундан көп өтпөй ал Орусиядан уурдалып кеткен болчу. Камалганга чейин Махмадурзи Искандеров Тажикстандагы кийинки президенттик шайлоого катышарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG