БИШКЕК. 6-октябрда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев баштаган топ Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жол тартат. Аталган шаарда 6-7 октябрда Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу болмокчу. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 5-октябрда кабарлашты. Маалыматка караганда, Санкт-Петербург жыйынын күн тартибинде алты маселе бар. Алардын ичинде соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, Борбор Азия рыногун түзүү боюнча концепцияны жактыруу жана регион алкагында маданият форумун өткөрүү өңдүү маселелер бар. Борбор Азия кызматташуу уюму 1994-жылы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан тарабынан түптөлүп, алгач Борбор Азия экономикалык шериктештиги деп аталган. 2002-жылы азыркы аталышты алган. Орусия болсо уюмга 2004-жылдын октябрында мүчө болуп кирген.