Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

МАИ реформаланат


БИШКЕК. АКШ өкмөтү Кыргызстанда МАИ кызматын реформалоого 1,5 миллион доллар бөлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министри Мурат Суталинов менен АКШ элчисинин укук коргоо маселелер боюнча кеңешчиси Том Хакер менен болгон шейшембидеги жолугушууда белгилүү болду. Хакер мырзаныны пикиринде, МАИдеги 995 кызматкердин баарын иштен бошотуп, андан кийин кызматка алардын арасынан мыктыларын тандап алгандан кийин МАИде иштегиси келгендер үчүн конкурс жарыяланат. Ички иштер министри Мурат Суталинов билдиргенге караганда, бул тармакты реформалоодо кыргыз тарап Грузиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр. Жолугушууда МАИ кызматкерлери 15 АКШ долларына жакын айлык алаарын, бул тармак коррупциялашып кеткендиги жөнүндө да сөз болду. Министр бул реформаны тез арадаа баштоо зарылдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG