Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:01

“ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫК” РАДИОСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИ ЖОЛУГУШТУ


Аида Касымалиева, Бишкек “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчиси Том Дайн 5-октябрда иш сапары менен Кыргызстанга келди. Иш сапардынг алгачкы күнүндө Том Дайн мырза баштаган топ Улуттук университеттин, Кыргызстандын эл аралык университетинин студенттери менен жолугушуларды өткөрдү. Ушул эле күнү Том Дайнга Улуттук университеттин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун берүүлөрдү уюштуруу департаментинин жетекчиси Жойс Девис айымга болсо Кыргызстандын Эл аралык университетининин ардактуу профессору наамы берилди. Бул күну кечке жуук Том Дайн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушту.

Анда Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, анын ичинде “Азаттыктын” алган орду, тууралуу сөз болду. Президент Курманбек Бакиев эн биринчиден “Азаттык” радиосунун коомдогу ролуна токтолуп, анын өлкө калкын, анын ичинде алыскы айылдардын элин маалымат менен камсыздоодогу өзгөчөлүгүнө токтолду:

- Мен депутат болуп жургөн кезимде көптөгөн айыл-кыштактарды кыдырып, ал жердеги элдердин ушунчалык маалымат менен камсыз болуп, бардык нерседен кабардар экенинен тан калгам. Элди алыскы айылдарда маалымат менен камсыз кылган массалык маалымат каражаты – бул “Азаттык” радиосу”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Дайн да радионун кыргыз кызматы - “Азаттыктын ” жетишкендиктерин белгиледи. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, аталган радионун жетекчиси Курманбек Бакиевдин президент болгондон кийинки алгачкы кадамдары кандай болоору тууралуу суроо кызыктырды

Курманбек Бакиев ага мындайча жооп узатты:

- Эн биринчиден биз өнөржай тармагын өнүктүрүүгө көнүл бурабыз. Биздин максат - калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу.

Жолугушуу учурунда ислам дининдеги акыркы учурда болуп жаткан карама-каршылыктар, диний экстремизм маселеси да талкууланды.

Ушул эле күну Томас Дайн жетектеген делегация Борбор Азиядагы Америкалык университеттин ректору Элен Хурвиц жана студенттер менен жолукту. Студенттерди эл аралык журналистиканын стандарттары, дүйнөдө болуп жаткан маанилуу окуялар, демократия маселелери кызыктырды.

Эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга келүүнү кааладыныз деген суроого Том Дайндын жообу мындайча болду:

- Кыргызстан 24-марттагы ынкылаптан кийин өзүнө бүткүл дүйнөнүн көнүлүн бурду. Ыңкылап так ушул Кыргызстанда болду. Коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда же Тажикстанда болгон жок. Бул деген Кыргызстан демократия жолунда өнүгүүгө даяр деген ишенимди туудурат.

Жолугушууга катышкан студенттердин бири Советбек Закиров өзүн кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп алганын айтты:

- Кыргызстандын булун-бурчунда жайгашкан айыл-кыштактардын эли үчун “Азаттыктын” мааниси зор. Мен бул жолугушууга атайын келгем. “Азаттыктын” ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөр, келечектеги пландары жөнүндө толук болбосо да, кенири эле маалымат ала алдым.

Томас Дайн баштаган топ ушул эле күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканда уюштурулган көргөзмөгө да катышышты. Көргөзмө “Азаттык” үналгысында иштеп жаткан жана радио менен такай кызматташып турган акын-жазуучулардын, журналисттердин эмгектерине арналды.

XS
SM
MD
LG