Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

СОҢУ ЖАНА ДАГЫ БАШТАЛЫШЫ


Жаңы өкмөт курамынын биринчи отурумунда кыргыз тилинин баркын көтөрүү тууралуу кызуу сөз жүрдү. Министрлердин биртобу расмий иш кагаздарын кыргыз тилинде даярдап, аны расмий тилге которуу зарылдыгын белгилешти. Экинчи тарап оболу экономиканы көтөрүп андан соң тил саясатына өтүү зарылдыгын айтып чыгышты.

Өкмөт башчы парламент сыноосунан өтүп келген кесиптештерине орустун белгилүү ойчулу Лев Гумилевдун «Соңу жана дагы башталышы» деген калк таануу боюнча өмүрүнүн соңку жылдарында окуган дарстарынын жыйнагын, ага кошуп Кыргызстан мыйзамдар топтомун белек кылды.

- Жаңы башталыш мурдагы аяктоону кайталабайт, деп ойлойм. Биз жаңы ишти алдыга жылдыра алабыз деген үмүттөмүн. Биз үчүн башкы китеп буга чейин кабыл алынган мыйзамдар, - деп айтты Ф.Кулов ыроолонгон белектердин чоо-жайына токтолуп.

Жаңы өкмөт элдин үмүтүн акташ үчүн болгон аракетин жасашы зарыл экендигин белгилеген премьер-министр ойлонуп отурбай он күн ичинде ишке киришип, жарым жылдан кийин эмне аткаргандыгы тууралуу отчетун жазып алдына келишин талап кылды. Азыр деле мурдагыдай эле кагаз менен каламга күчүн чыгаргандардын күнү тууп, жоопкерчиликтен качкан жетекчилер баарын президент менен премьер-министрге жүктөп коюу адатынан арыла электиги белгиленди. Айрым министрлер документти жакшылап окуп чыкпай эле кое беришет, деп эскертти өкмөт башчы:

- Жаңы кабыл алынган өкмөт тууралуу мыйзам боюнча мындан ары ар бириңиздер койгон колго жооп бересиздер. Мурдагыдай «премьер кол койгондон мен да кол коюп койгом» деген жооп мындан ары жүрбөйт.

Жаңы өкмөт мүчөлөрү мындан ары такай эл арасына чыгып, жагдай менен жеринен таанышуу керектиги өкмөттүк жыйында да айтылды. Кийинки кездери арбын айтыла баштаган Бакиев-Кулов мунасасы тууралуу аңыз кептерге токтолгон өкмөт башчы экөөнүн ортосунда эч кандай араздашуу жок экендигин билдирди:

- Биздин ортодо акылдашып чеччү маселелер бар, позицияны, айрым маселелер боюнча көз караштарды тактап алчу жагдайлар бар.

Жаңы өкмөттүн алгачкы жыйынында мамлекеттик тил маселеси тууралуу арбын кеп болду. Юстиция министри Марат Кайыпов мамлекеттик тил өтө орчун, принципиалдуу маселеге жатарын белгилеп, расмий иш кагаздар кыргыз тилинде кынтыксыз иштелиши керек деп айтты:

- Эгерде биз, кыргыз өкмөтү, кыргыз бийлиги мамлекеттик тилде иштебесек, анда мамлекеттүүлүгүбүз бир тыйын. Себеби, кыргыздардын башка мамлекети, башка бийлиги жок. Эмне себептен биздин мыйзамдарыбыз, указдарыбыз, токтомдорубуз аткарылбай келатат. Буга бирден-бир себеп, ошону аткара турган кыргыз эли көбүнө түшүнбөйт. Каалаган мыйзамды алып окуп көргүлөчү. Он жолу окусаңар да түшүнбөйсүңөр. Сөздөрдүн бир топтолмосу болуп калган, орусчасын окусаң таптакыр башка түшүнүк. Бул эмнеден чыгып жатат? Анткени биз орусча даярдайбыз, орусча талкуулайбыз, орусча макулдашабыз, орусча экспертиза өтөт, орусча корутунду алынат, номур берилет, андан кийин которулат.

Расмий иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү туура болорун министрлер Исмаил Исаков, Досбол Нур уулу да белгилешти. Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев азырынча тил саясатын кое туруп, экономиканы кантип көтөрүү маанилүү деген сунушун ортого салды:

- Муну баарынын башына коюштун кереги жок. 16 жылда үйрөнсө болот деген. Мен, мисалы, 10 жыл мектепте, 5 жыл институтта немис тилин окуп үйрөнө алганым жок. Кыргыз тилди башкача үйрөтүш керек. Күчкө салсак, баары бузулат. Мен ойлоп турам, биринчи экономиканы көтөрүш керек, саясат-паясат кийин.

Ички иштер министри Мурат Суталинов кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү аракетин жасашканын, бирок андан азырынча майнап чыга электигин айтып алакан жайды:

- Кийинки беш жылда бир нече жолу аракет кылдык, бирок бизде кыргыз тили боюнча адис жок.

XS
SM
MD
LG