Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

БЕКНАЗАРОВ ЫҢКЫЛАПЧЫЛАРДЫН НЕГИЗГИ КАТАЧЫЛЫГЫН АЧЫКТАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 24-марттагы ыңкылапка жигердүү катышкан «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын координациялык кеңешинин айрым мүчөлөрү 6-октябрда Бишкекте жыйын өткөрүштү. Отурумдун катышуучулары ыңкылапчылардын Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы аткарылып, эл үчүн реформа жасоо талабы ишке ашпай жаткандыгына токтолушту.

Кыргызстан элдик кыймылы март ыңкылабына чейин түзүлгөн. Анын курамына тогуз саясий партия кирип, кыймылдын жетекчиси болуп учурдагы президент Курманбек Бакиев шайланган. Март ыңкылабынан кийин бул кыймыл «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы деген аталышта кайра түзүлүп, 17 адамдан турган координациялык кеңеш шайланган. Мына ошол координациялык кенештин 6-октябрдагы отурумуна кыймылдын мүчөлөрү болгон учурдагы президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков, Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, билим берүү министри Досбол Нур уулу, каржы министри Акылбек Жапаров жана башкалар келишкен жок.

Бул күнкү жыйынга кызматтан алынган Азимбек Бекназаров, Ишенбай Кадырбеков жана эки түрдүү Коммунистик партия өкүлдөрү жана «Эркиндик» партия башчысы Топчубек Тургуналиев катышышты. Жыйын адеп башталганда, кыймылдын мүчөлөрү ыңкылапчылардын Аскар Акаевдин бийлигин кулатуу максаты ишке ашып, элге реформа жасоо талабы аткарылбай жаткандыгына токтолушту жана өлкөдө кайрадан акаевчил күчтөр Бакиевдин ишенимине кирип алышканын белгилешти:

- Акаевдин бийлик системасы кулады. Экинчи этап аткарылбай жатат. Биз, кыймылдын мүчөлөрү март ыңкылабынан кийин дароо бийликке келип отуруп калдык. Мыйзам боюнча биз өз ыйгарым укуктарыбызды тапшырдык, ал туура болгон. Бирок ошол мезгилде башка күчтөр Бакиевдин ишенимине кирүүгө жетишишип, анын тегерегине толуп алышты. Алар өлкөнү таптакыр башка жакка алып кетишүүдө, - деди мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров.

Ал эми Кыргызстан коммунистер партияларынын мүчөлөрү Орозбек Дүйшеев, Калара Ажыбекова, Николай Байло жана башкалар ыңкылаптан кийин элдин жашоосу оңолбой, эл керектөөчү товарлардын баалары өсүп, коррупциянын деңгээли мурдагыга салыштырганда да жогорулап жаткандыгына токтолушту. Кыргызстанда мындай абалдын түзүлүшүн Ленин районунун акими Николай Байло мындайча түшүндүрдү:

- Революция койгон талаптар аткарылган жок жана аткарылбай жатат. Анын себебин мен соңку алты айдан ашуун мезгилден бери аткаруу бийлиги, тагыраак айтканда, өкмөттүн курамын түзүү кечиктирилгендигине байланыштуу деп ойлойм. Анткени аткаруу бийлиги иштебесе, өлкө алдыга жылбайт.

Азимбек Бекназаров ыңкылапчылардын башкы катачылыгы катары төмөндөгүлөргө токтолду:

- Биздин башкы кемилигибиз - Аскар Акаевди мыйзамсыз кызматтан алып, андан соң бардыгын мыйзам боюнча жасоого аракет жасаганыбызда болду. Революциядан кийин биз дароо бардык мыйзамдарды токтотуп, революциялык декрет менен бардыгын жаңыдан алып барышыбыз керек болчу. Биз муну убагында сунуш кылганбыз. Биздин мындай сунушубузду азыркы президент четке кагып койгон.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары мындай абалдын чыгуу үчүн өлкөдө Конституциялык реформаны тездетип өткөрүп, кадр саясатына көңүл буруу менен өлкөнүн экономикасын көтөрүү зарылдыгын айтышты. Андан соң координациялык кеңештин мүчөлөрү толук бойдон жыйынга келишпегендигине байланыштуу кандайдыр бир чечим кабыл алууну кеңештин кийинки отурумуна жылдыруу чечимине келишти. Координациялык кеңештин кийинки отуруму 8-октябрда өткөрүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG