Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Өкмөт турак жай курууга 60 гектар жер бөлдү


БИШКЕК. Өкмөт «Турак жай курууга жер бөлүү тууралуу» токтом кабыл алды. Ага ылайык, Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн сугат жерлеринен 60 гектар жер үй курууга бөлүнүп берилет. Бөлүнгөн жердин 25 гектары Бишкек мэриясына, калганы Сокулук районунун тургундарына берилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 6-октябрда кабарлашты.

XS
SM
MD
LG