БИШКЕК. Борбордук Шайлоо Комиссиясы №1 Университет шайлоо округундагы шайлоодо көп добуш алган Болот Мариповду депутат катары тааныды. Буга байланышкан жыйын бейшембиде өттү. Бул округда шайлоо эки айлампа менен 18-сентябрда жана 2-октябрда өтүп, экинчи турга Болот Марипов менен Эркин Бөлөкбаев чыккан. Ушул эле отурумда БШК 27-ноябрга белгиленген №20 Аксы жана №8 Түндүк шайлоо округдарындагы шайлоого чыгымдалчу каражаттын эсебин тактады.