Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Кыргыз делегациясы Санкт-Петербург жөнөп кетти

БИШКЕК. 6-октябрда президент Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстандын расмий делегациясы Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз делегациясы 6-7-октябрда Санкт-Петербург шаарында боло турган Борбор Азия кызматташуу уюмунун саммитине катышат. Жыйында алты маселе каралары белгиленген. Алардын ичинде соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, эркин соода аймагын түзүү маселелер бар. Кыргыз делегациясынын курамына вице-премьер-министр Адахан Мадумаров, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов кошулган.
XS
SM
MD
LG