Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Ирактын президенти Британияда өкмөт башчысы менен жолукту


Жалал Талабани Тони Блэр менен келерки аптада Иракта өтө турган жаңы Конституция боюнча референдумга даярдыкты талкуулады. Талабани ошондой эле британ жана америкалык аскерлердин Иракта турушу өлкө үчүн өтө маанилүү деди. Блэр өз кезегинде британ аскерлери Ирак өкмөтү каалган мөөнөткө кала берээрин бышыктады. Блэр ошондой эле Иранды Ирактын ички иштерине кийлигишпөөсүн эскертти. Иран Британиянын Иракагы козголоңчуларга тымызын жардам берип жатат деген айыптоосун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG