АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия иш сапарынын алдында эларалык коопсуздук маселелери боюнча орун басар Роберт Жозеф Бишкекке келип кыргыз өкмөтүнүн башчысы Феликс Кулов менен кездешти. Андан соң Роберт Жозеф жолугушуу иштиктүү өткөнүн журналисттер алдында маалым кылды:
- Биз жолугушууда стратегиялык өнөктөш эки өлкөгө тийиштүү биртоп маселелерди талкууладык. Анда демократиялык реформалардан тарта коопсуздук жаатында бекем карым-катнаштарды түзүүгө чейин камтылды. Террорчулукка каршы күрөшүү, массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоого багытталган биздин мамиле-катнаш кыйла эле күчтүү. Менин иш-сапарымдын негизги максаты - Кыргызстан өкмөтү менен эки өлкөнүн ортосундагы карым-катышты кеңейтүү, массалык кыргын салуучу куралдарды өткөрбөө, аларды ташып жеткирүүчү ракеталык системага бөгөт коюу маселелерин талкуулоо. Ошондон биз чек ара, экспорт көзөмөлүн күчөтүү боюнча сүйлөштүк.
Роберт Жозеф массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо, ага бөгөт коюу аракети дүйнөнүн 70 ашуун өлкөсүндө колдоо тапканын маалымдап, PSI демилгесине Кыргызстандын кошулуу ыктымалдыгын талкууга алышканын билдирди. Эмдиги жумада АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын иш сапары башталат, бул эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашты дагы тереңдетет, деп ырастады Р.Жозеф.
Массалык кыргын салуучу куралдар Кыргызстанда чыгарылбайт, антсе да ортодогу шарттуу чекара аркылуу коркунучтуу куралды же анын айрым бир бөлүктөрүн ташып өтүү ыктымалдыгы бардыгын өкмөт башчы Феликс Кулов да ырастады:
- Бу дүйнөдө чек аралар шарттуу, ошондуктан биздин өлкөнү деле ташып өткөрүү үчүн колдонушу мүмкүн. Ошол себептүү мага билдиришкендей, бул маселе боюнча эки тарапты канааттандыргыдай чечим кабыл алуу боюнча эксперттик топ иштеп жатат. Биз АКШ өкмөтүнүн кабатырлануусун түшүнүү менен кабыл алабыз. Массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылбашы үчүн болгон аракеттердин баарын жасайбыз.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Кыргызстанга иш сапарында демократиялык реформалар, базар-нарк экономикасын алдыга сүрөө сындуу маанилүү маселелердин катарында коргонуу жана коопсуздук проблемалары жайында кеп болору эмитен эле болжолдонууда. Анын себеби барып-келип Ганси аба базасынын эртеңки тагдырына, ага кошумча Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын болочогуна байланышып кетүүдө.
Саясат таануучу К. Байбосуновдун ырасташынча, кеп бул жерде демократия ишеними тууралуу жүрүүдө:
- Бул коомдук пикирде биринчи иретте демократияга ишенүү жана колдоо катары кабыл алынышы керек. Экинчиден, Кондолиза Райс Американын кызыкчылыгын чөйрөсүнө кирген өлкөлөр, Ооганстан, Өзбекстан менен Түркмөнстандан башка Борбор Азия өлкөлөрүн атайын инспекциялык максатта кыдырып жүрүшү ошол Американын демократияга короткон каражаттарынын туура багытта кетишине карата өзүнчө бир мааниси бар.
Р. Жозеф Кыргызстанды АКШнын стратегиялык өнөктөшү катары сыпаттады. Бул жердеги демократиялык жаңыланууларга мухиттин ары жагында кылдат баам таштап турганын маалымдады.