Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

УЛАН МОЛДОДОСОВ - АЗИЯ ЧЕМПИОНУ


6-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткрүлгн оор атлетика боюнча Азия чемпионатына кыргыз жигити алтын медалды жеңип, чемпиондук наамды алып келди.

Азия контингентиндеги 28 өлкөнүн улуттук курама командалары толук катышкан Азия чемпионатына Кыргызстан үч балбанды эптеп жөнөткөн. Анткени, спортсмендер кетээрге жакын гана мамлекеттик туризм, спорт комитети үчөөнө каражат бөлгөн. Мелдеш учурунда 300гө жакын спортчулар арасында кыргыз жигиттери эң мыкты даярдыктарын көргөздү. Натыйжада 85 кг. салмактагы оор атлетчилердин күч сынашуусунда эл аралык спорт чебери Улан Молдодосов чемпион болуп кайтты. Мындан тышкары Азия чемпионатынын уюштуруу комитети тарабынан Кыргызстандагы жалгыз эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов да барып келди. Тактап айтсак, 62 кг.га чейинки чоюн билек балбандардын ичинде эл аралык спорт чебери, жаштар арасында Азия чемпиону Кутман Молдодосов күч сынашып, чоңдор менен теңтайлашып, бешинчи орунга жетти.

Кутман 13 жашында спорт чебердигинин талабын орундаткан. Алардын үй бүлөсүн оор атлетчилердин династиясы дешет. Себеби атасы-Өмүржан агалары Эсен жана Үсөн спорт чеберлери гана болбостон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар. Бир тууган агасы Улан Молдодосов да жаштар арасында Азия чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло байгесин үч ирет жеңген. Ошондой эле быйыл жазында Сауд Арабияда өткөн ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюнунда алтын медалдын ээси болгон. Улан да бул бийиктиктерди дагы жогорулатып Дубайда Азия чемпиону аталды. Кыргызстанда оор атлетиканын салты уланып, Улан дүйнөлүк таймашта дагы кыргыз өңүн таанытууга мүмкүнчүлүгү бардыгын дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев айтты.


Азия аймагында кытайлык , кореялык жана ирандык спортсмендер сан-сапат жагынан күчтүү экенин эске алсак бирде ач, бирде ток болуп жүрүп алтын медалга ээ болгон Улан Молдодосов Кыргызстанды эл аралык аренага таанытты. Бул Азия чемпионатына үч жигитти баштап барган өлкөнүн улук машыктыруучусу Үсөн Майназаров мындай деди:

- Бул мелдешке баруу үчүн көп кыйынчылыктар болду. Мен Азия чемпионатына 5-6 жигитти даярдагам. Каражат маселеси кендирди кесип, айла жоктон үчөөнү алып барууга туура келди. Шакиртим Улан алтын медаль жеңип бергенде бардык кыйынчылыктар унутулуп калды. Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык жана ирандык балбандарды Улан артка калтырды. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да, жаштарга камкордук көрүп, чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда көңүл бөлүнбөгөндүктөн башка мамлекеттерге же бөлөк тармактарга кетип калууда.

Эгерде бул жаштарга азыртан камкордук көрүлбөсө, Казакстанга Азия оюндарынын алтын медалын жеңип берген Бакыт Ахметовдой болуп башка коңшу өлкөлөргө кетип калышы да толук ыктымал. Себеби бул жигиттерди 2008- жылы Пекинде өтө турган олимпиадалык оюндардын баш байгелерине негизги талапкерлер экендигин Азия оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Мурадил да баса белгилеген.

Колдогу алтындын баркын билип жаштарга көңүл бөлүнсө, дешет спорт адистери. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Бакыт Ахметовго учурунда кыргыз спорт жетекчилери шарт түзбөй, карабай коюшканда, Казакстанга кетип калган. Бакытка алар абдан жакшы шарт түзүп беришкен. Айына миң доллардан ашык стипендия алат.Түштүк Кореянын Пусан шарында өткөн 14-Азия оюндарында Бакыт Казакстанга үч алтын медаль утуп бергенде , ага алар улуттук баатыр катары сый- рмат көрсөтүшкөн. Казакстандык ишкерлер Бакытка «Мерседес» жана «Лада» үлгүсүндөгү жеңил машинаны белекке беришкен. Ошентип, учурунда кыргыз спорт жетекчилери колдогу «алтынды» барктабай, азыр өкүнүп жүрүшөт.

Кыргызстандык жигиттер, бир туугандар Азиянын жаштар арасындагы чемпиону Кутман Молдодосов менен Азия чемпиону Улан Молдодосовго дагы көз салып, казактар өздөрүнө чакырып, бардык шарт түзүп берүүгө убада кылышууда.

Кыргызстандык балбандар айрым учурда каражат жоктугунан эл аралык мелдештерге, дүйнө чемпионатына барбай калып жүрүшөт. Себеби бир айдан соң 15-ноябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында оор атлетикадан дүйнө чемпионаты болмокчу. Бул таймашууга кыргызстандык балбандар бараары арсар. Себеби каражат маселеси чечиле элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG