Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

ТҮШТҮК АЗИЯДАГЫ ЗИЛЗАЛА КУРМАНДЫКТАРЫНЫН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ


Күчү Рихтер таякчасы менен 7,6 баллды түзгөн жер титирөөнүн очогу Пакистандын борбору Исламабаддан 100 чакырымдай түндүк-чыгышта орун алган. Бул - Пакистан менен Индия ортосунда талашка түшүп келе жаткан Кашмир чөлкөмүнүн аймагы. Зилзалага кабылган чөлкөм сейсмикалык жактан активдүү экени мурдатан эле белгилүү болчу. Расмий өкүлдөр 8- октябрдагы жер тититөө соңку кездегилердин эң күчтүүсү экенин айтышууда.

Пакистан менен Индия катуу жабыр тарткан жер титирөөнүн курмандыктарынын саны ишембиде күнү боюу өсүп жатты. 8-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 23:30га карата аталган эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү зилзаладан 1800дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын ырасташты. Алардын 1000ден ашууну Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгүнүн тургундары. Бул аймакта жер бетинен жок болуп калган кыштактар бар. Мындан сырткары Пакистандын Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын өзүндө эле 550 адам каза тапкан. Куткаруу иштерине аскерлер тартылууда. Пакистан армиясынын өкүлү генерал Шаукат Султан зилзаланын кесепеттери тууралуу мындай дейт:

- Жер титирөө өлкөдө кеңири масштабдуу талкаланууларды жаратты. Жер силкинүүсү жер көчкүгө алып келген Кашмирдин көптөгөн райондору катуу жабыр тартты. Куткаруучулардын баруусу кыйын болуп жаткан алыскы райондордо талкалануулар барынан көп. Кээ бир жерлерге аларды тик учактар менен жеткирүүдө.

Жер титирөө эртең менен сезилген аймактагы шаарлардын тургундары арасында дүрбөлөңдү жаратып, миңдеген адамдар үйлөрү менен кеңселеринен сыртка чуркап чыгууга мажбур болушкан. Исламабаддын Малик Абдул аттуу бул тургуну буга чейин мындайды көрбөгөнүн айтат:

- Эртең менен өтө күчтүү жер силкинүүсүн сездик. Баарыбыз ойгонуп, тышкы атып чыктык. Силкинүү узакка уланды. Биз буга чейин мындайды көргөн эмеспиз.

Пакистан башкалаасынын өзүндө көп кабаттуу эки үй урап түшүп, урандылардын алдында ондогон адамдар калган.

Ал эми Индиянын бийликтери Кашмирдин аларга караштуу бөлүгүндө 300дөн ашунн адам каза тапканын билдиришти. Оогастанда болсо эки адамдын өмүрү кыйылган. Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө жашаган Афзал аттуу бул жаш баланын айтымында, алар жер силкингенде мектепте эле:

- Биз класста окуп жатканбыз. Кокустан эле жер силкине баштады. Биз полго кулап, анан имараттан сыртка чуркап чыктык.

Пакистандын дагы бир коңшусу Ооганстандын Кабул, Мазари Шариф шаарларында да миңдеген адамдар, күбөлөрдүн айтымында, үйлөрүнөн көчөгө чуркап чыгышкан. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Бришне Назари жер титирөө Ооганстандын аймагында да сезилерлик күчтүү болгонун билдирди:

- Жер титирөө Кабулга коңшу бир нече провинцияда сезилди. Бирок күчтүү жер силкинүүсү түндүктөгү Бадахшан, Тахар, Парван провинцияларында орун алган. Жер титирөө ал жакта бир топ эле күчтүү болду.

Очогу Пакистандын аймагында орун алган зилзаланын илеби Тажикстанда да, өзгөчө Тоалуу Бадахшан облусунун аймагында катуурак сезилген. Өлкөнүн сейсмология борборунун кызматкери Татьяна Валияско мындай дейт:

- Жер титирөө Хожент шаарында сезилип, күчү 2-3 балл, Хорогдо 5,5 балл, Дүйшөмбүдө 4 балл болду.

Зилзалага кабылган чөлкөм сейсмикалык жактан активдүү экени мурдатан эле белгилүү болчу. Эксперттер катуу жер титирөө орун алышы мүмкүн экенин болжолдоп келишкен. Расмий өкүлдөр да 8-октябрдагы жер тиртөө соңку кездегилердин эч күчтүүсү экенин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG