Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

ТҮШТҮК АЗИЯ: КУТКАРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА


Пакистан жана Индиянын карамагындагы Кашмир провинциясында куткаруу иштери уланып жатат. Кечээки катуу жер титирөөдөн миңдеген адам каза болгону кабарланууда. Зилзаланын эпицентри Исламабаддан 95 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу аймакта болгон. Айрым алыскы чөлкөмдөр менен байланыш үзүлгөндүктөн, ал жердеги курмандыктар жөнүндө маалымат түшө элек.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф мекендештерин жабыркагандарга көмөк берүүгө чакырды:

- Куткаруу иштерине армия мобилизацияланды. Азыр бизге керебеттер, турак-жайсыз калган эл баш калкалай турган чатырлар керек, - деген Мушарраф чет өлкөдө жашаган пакистандыктардан президенттин гуманитардык фондуна жардамдарын жиберүүсүн өтүндү.

Исламабаддагы куткаруу иштерин координациялаган Доктор Ризвандын айтымында:

- Бул кыйраган имараттын астында 40-50 киши калды деп болжолдоп жатабыз. Казуу иштери бүткөрүлгөнгө чейин айланадагы эл эвакуацияланды. Урандыларды тазалап, аман калгандарды издеп жатабыз.

Анын аралыгында Индиянын бийликтери 360 кишинин өлүмүн тастыкташты. Алыскы айыл-кыштактар менен байланыш үзүлгөндүктөн, көп жерлерден курмандыктар тууралуу маалымат түшө элек. Делинин карамагындагы Жаму жана Кашмир чөлкөмдөрүндө 850дө ашык киши ооркуналарга жеткирилди.

Пакистан менен Индиянын чегарасында жайгашкан айылдар өзгөчө жабыркады. Саламабад шаарчасынын тургуну Афзал Хусаин абалды мындайча сүрөттөйт:

- Бардык үйлөр урап калды. Канча киши өлгөнүн билбейбиз, себеби көп айылдардан эч кандай кабар түшө элек. Шаарыбызга эбегейиз залака келтирилди.

Ошол эле жерде жашаган Нааз деген аял болсо кечээтен бери жарадар болгон кызына жардам күтүп отурат:

- Кызым жаракат алган. Эси учун жоготкон бойдон жатат. Эч ким жардамга келген жок. Кайда бараарды билбейбиз.

Индиянын бийликтеги партиясынын регионалдык өкүлү Гулям Наби Азаддын айтымында:

- Өкмөт бардык керек болгон жардамын берет. Жаму менен Кашмирде мындай зилзала биринчи жолу болду. Көптөгөн карапйым адамдар, аскерлер набыт кетти. Бизге көп жардам лазым.

Ооганстанда да азырынча бир киши ажал тапканы кабарланууда. Бирок ал жерде да алыскы тоолуу аймактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG