Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча,10-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө: жамгыр жаап, тоолуу аймактарда ал карга айланат. Тоолорго кар түшөт. Өрөөндүү жерлерде абанын күндүзгү температурасы 9-14 градуска төмөндөшү мүмкүн. Ошондой эле 10-11-октябрда Талас, Нарын, Чүй облустарында жана Ысыккөл облусунун чыгыш тарабында 0 градустан -3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине өз кедергисин тийгизиши ыктымал.

10-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…+6, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Күндүз +9…+14 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20 градус. Нарын жергесинде 0…+5 градус, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.

Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Жамгыр себелеши күтүлөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +2…+4, ал эми күндүз +11…+13 градус болот.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова даярдады.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG