Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:34

Пакистандагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинин тараткан маалыматына караганда, Пакистанда учурда окуп-иштеп жаткандардын жалпы саны 71 жана алардын бардыгы аман эсен. Дүйнөлүк маалымат каражаттары Пакистан, Өзбекстан, Ооганстан мамлекеттеринин чектешкен жеринде 7,7 баллга тете зилзала болуп, анда 20 миңден 40 миңге чейин адам набыт болгондугу, алардын дээрлик бардыгы Пакистандын жарандары экендигин кабарлап жатат. Ал эми Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев кырсыкка байланыштуу Пакистан өкмөтүнө жана элине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
XS
SM
MD
LG