Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

Николай Танаев депутат болгусу келет

БИШКЕК. Мурунку премьер-министр Николай Танаев Түндүк шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу максатында округдук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Танаев арызды 4-октябрда берген жана депутаттыкка ал өзүн-өзү көрсөтүүдө. Николай Танаевге каршы башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштерип жүрүп жатканы белгилүү. Түндүк шайлоо округунда добуш берүү 27-ноябрга белгиленген. Ал округ боюнча депутаттыкка Танаевден сырткары Роза Отунбаева, Жаныш Кудайбергеновдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.
XS
SM
MD
LG