Прагада өтүп жаткан эл аралык “Форум-2000де” Британиянын Минскидеги элчиси Брайн Беннет Белоруссияда адам укуктарынын абалы күн сайын начарлап баратканын белгиледи. Россиялык саясатчы Борис Немцов президент Александр Лукашенконун режимин анык диктатура деп атады. Дипломаттар Белоруссияга соода санкцияларын жарыялоону, чет элдеги активдерине камал салууну сунуш кылышты.