Индонезиянын Бали аралында 1-октябрда болгон үч жардыруу боюнча биринчи шектелген адам кармалды. Өлкө полициясынын айтымында, ал жардырууларды уюштурган үч жанкечтинин бири менен бир бөлмөдө чогуу жашаган жигит 9-октябрда кармалып, суракка алына баштады. Ал үч жардыруудан бардыгы болуп 23 адам курман болгон.