Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

АКШ Мамкатчысынын сапары тууралуу пикирлер ар кыл

БИШКЕК. АКШнын Мамлекеттик катчысынын Кыргызстанга жасаган иш-сапарынын максаты боюнча саясатчылар жана атуулдук коомдүн өкүлдөрү ар кандай пикирлерин айтышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасы Эдил Байсаловдун пикиринде, Кондолиза Райстын бул иш-сапары Кыргызстанда март айында болгон ыңкылапты, ага байланыштуу өлкөдө орун алып жаткан өзгөрүүлөрдү колдоону билдирет. Бейөкмөт уюмдардын айрым өкүлдөрү белгилешкендей, Райстын Кыргызстанга болгон сапарынын максаттарынын бири - өлкөдөгү Конституциялык реформаны ачык жүргүзүүгө көмөктөшүү. Ал эми саясатчылардын бир бөлүгү болсо, мамлекеттик катчынын сапарын АКШнын Кыргызстанга болгон геосаясий кызыкчылыктарынын күчөшү менен байланыштырышууда.
XS
SM
MD
LG