Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Аксыда шайлоого даярдык башталды


ЖАЛАЛАБАТ. 11-октябрда экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров №20-Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгынын талапкерлигине өзүн өзү көрсөткөн арызын округдук шайлоо комиссиясына тапшырды. Мындай маалымат 12-октябрда облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдон алынды. Ашымовдун берген маалыматы боюнча азырынча Азимбек Бекназаровдон башка адамдан талапкерликке арыз түшө элек. Аксы аймагынан парламенттин өкүлүн шайлоого 410400 сом акча каражатын бөлүү сметасын Борбордук шайлоо комиссиясы менен каржы министрлиги бекиткен. Бирок аталган каражаттар шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн Аксы округдук шайлоо комиссиясынын эсебине 12-октябрга чейин келип түшкөн жок. Курамы 15 адамдан турган шайлоо комиссиясы зарыл жай жана байланыш каражаттары менен камсыз болду. Учурда участкалык шайлоо комиссияларынын чек араларын аныктоо жана комиссияларды түзүү, шайлоочулардын тизмелерин кайрадан тактоо иш-чаралары жүрүп жатат. Участкалык шайлоо комиссияларынын чек арасын тактоо жумушу 27-октябрда аяктайт. Аксы шайлоо аймагы боюнча 40 участкалык шайлоо комиссиясы уюштурулат жана президенттик шайлоодогу тизмеде 36824 шайлоочу болгон.

XS
SM
MD
LG