Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Каракечеде кырдаал курч


БИШКЕК. Бишкек ТЭЦине Каракечеден 120 миң тонна көмүр ташып келүү боюнча өкмөттүн чыгарган токтому үзгүлтүккө учурады. Бүгүнкү күнү болгону 13 миң тонна көмүр ташылып келинди. Жумгал районундагы “Жоомарт” кыймылынын Каракече көмүр кенин мыйзамсыз басып алышы өлкөдө отун тартыштыгын пайда кылып, таш көмүрдүн баасынын кескин жогорулашына алып келет. Бул тууралуу Өкмөт алдындагы минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Владимир Зубков 12-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал эми экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги өкмөткө, коопсуздук кеңешине, ички иштер министрлигине Каракече көмүр кенинде түзүлгөн кырдаал боюнча кат жолдогон. Анда аталган кенде техникалык коопсуздук маселеси сакталбай, адам өмүрүнө коркунуч келтирүүчү жагдай түзүлгөндүгүн, Нурлан Мотуевди кызматынан алып, анын ордуна тоо-кен адистиги бар адамды дайындоону, Каракечедеги объектилерге Мотуевдин иш аракеттеринин келтирген чыгашаларын текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG