Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Президентке “Улуу Петр” ордени тапшырылды


БИШКЕК. Шейшембиде өлкө башчысы Курманбек Бакиев Орусия Федерациясынын коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби Академиясынын президиуму тарабынан Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы жана достук мамилесин чыңдоого кошкон салымы үчүн 1-даражадагы “Улуу Петр” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Орусиянын Коопсуздук, коргонуу жана укук тартиби Академиясынын вице-президенти, оор атлетика боюнча олимпиадалык оюндардын эки жолку чемпиону, белгилүү спортчу Леонид Жаботинский тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 12-октябрда билдиришти.

“Улуу Петр” ордени Орусия Федерациясында коомдук эң жогорку сыйлык болуп эсептелет. Ал сыйлык Орусия мамлекети менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана башка коомдук багыттагы иштерге зор салымын кошкон чет элдик атуулдарга берилет.

XS
SM
MD
LG