Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Конституциялык кеңешменин алгачкы отуруму болот


БИШКЕК. 13-октябрда өкмөт үйүндө Конституциялык кеңешменин жаңы курамынын алгачкы отуруму болот. Ага президент Курманбек Бакиев төрагалык кылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 24-марттагы ыңкылаптан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңешме 114 кишиден туруп, аны спикер Өмүрбек Текебаев башкарып келген. Мамлекет башчынын 6-октябрдагы жарлыгына ылайык, Конституциялык кеңешменин жаңы курамы түзүлгөн. Конституциянын жаңы долбоору 25-декабрга чейин даяр болоору күтүлүүдө.

 

XS
SM
MD
LG