Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Акыйкатчы Конституция кыргызча жазылышын туура көрөт


БИШКЕК. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор алгач мамлекеттик тилде жазылышы керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, азыркы Башмыйзамдын орусчасы менен кыргызчасынын ортосунда 800гө чукул айырма бар. Конституциянын кыргызчасында баяндама, орусчасында отчет деп жазылып калгандыктан жылыга Акыйкатчы катары парламентке отчет берип келатканын айтат. Анын айтымында, дүйнө жүзүндө омбудсмендер парламентте баяндама гана окушат. Турсунбай Бакир уулу ынкылаптан кийин түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында бар болчу, бирок Курманбек Бакиев башкарган жаңы кеңешмеге кирбей калган. Жаңы курамга Акыйкатчынын кирбей калышынын себебин түшүндүрүүнү өтүнүп, Акыйкатчы институту президентке кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG