Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Азимбек Бекназаров депутаттыкка ат салышат

БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров Аксы округу боюнча парламентке депутаттыкка талапкер катары катталуу үчүн округдук комиссияга 11-октябрда арызын берди. Президент Курманбек Бакиев өз жарлыгы менен аны Башкы прокурорлуктан 22-сентярбда бошоткон. Ал бул кызматка келгенче аталган округ боюнча депутат болчу. Башкы прокурор болуп парламентте бекигенден кийин полномочиелерин тапшырган. Аксы округунда шайлоо 27-ноябрда өтөт. Шайлоо кодекси боюнча округдук комиссия талапкердин арызын 10 күн ичинде каттоодон өткөрүшү керек.
XS
SM
MD
LG