Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

АКШ менен Кыргызстан билдирүү таратты


БИШКЕК. АКШ өкмөтү менен Кыргызстан “Манас” аба майданын пайдалануудан түшкөн каражаттардын туура пайдаланышын карап чыгууга жана башка маселелерди талкуулаганга даяр. АКШ менен Кыргызстан аскерий кызматташтыкка байланышкан ушундай билдирүү таратты. Анда Ооганстандагы террор очочкторун жок кылып, бул мамлекеттин тынч жана демокартиялуу өнүгүшүнө шарт түзүү зарылдыгын Кыргызстан жакшы түшүнөт, деп жазылган. Кыргызстан бул багытта Ганси аскердик базасынын зор салымын эске алып, мындан ары да коопсуздукту сактоодогу эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоору айтылат. Аталган билдирүүдө Ооганстандагы терроризмге каршы миссия соңуна чыккыча аскердик база Кыргызстанда кала беришин АКШ колдойт, деп жазылган. Ганси аскердик базасы Кыргызстанга 2001-жылдын соңунда жайгаштырылган. Азыр бул базада АКШ, Испания жана Франция өңдүү мамлекеттердин 1200гө чукул аскери бар.

XS
SM
MD
LG