Ар жыл сайын чыкырылуучу бул форум быйыл тогузунчу жолу өткөрүлдү жана ага атактуу франциялык философ Андрэ Глюксман, Польшанын мурдагы тышкы иштер министри Бронислав Геремек, Малайзиянын оппозиция жетекчиси Анвар Ибрагим, Эл аралык соода уюмунун мурдагы башчысы Майкл Мур жана башкалар, бардыгы болуп отузга жакын адам катышты.
Биринчи конференцияны 1997-жылы Прага шаарында Чехиянын ал кездеги президенти Вацлав Гавел, Нобел сыйлыгынын ээси Элие Визел жана жапониялык миллионер Йохей Сасакава уюштурган, азыркы жыйындын басымдуу чыгымдарын дагы Сасакава жана анын фонду көтөрдү.
Коноктордун бири, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин мурдагы башчысы Жеймс Вулсинин пикиринде, азыркы замандын мүнөздүү өзгөрүүлөрүнүн бири деп - демократиялык жетишкендиктерден кетенчиктөө жана адам укуктарын коргоо аракеттерин четке кагып салууну атаса болот. Анын айтымында, ага эң биринчи кезекте дүйнөдөгү улуу дөөлөттөр жооптуу жана эң терс өзгөрүүлөр Орусияда болуп жатат:
- 1990-жылдар менен XXI-кылымдын башындагы жетишкендиктердин бири - демократияны көздөй умтулуу багытында - азыр жана келерки жылдарда кетенчиктөө болот. Бирок Орусияны башкарган Путин баштаган фашизмди карай бул кыймылдын келечеги жок.
Орусия менен бирдиктүү мамлекет түзүүнү көздөгөн Беларустун жетекчиси Александр Лукашенко дагы жыйында катуу сынга алынды, ал орноткон режим Сталиндин башкаруусу менен салыштырылды жана дүйнө мамлектетеринин жетекчилерине - Лукашенкого каршы катуу чара көрүү сунушталды.
Жыйынга катышкан Йорданиянын ханзадасы Хасан бин Талалдын айтымында, айрым саясат таануучулар айткан "цивилизациялар кагылышы" деген түшүнүк татаал жана ал коомдор чындап эле цивилизация болсо, алар ортосунда эч кагылышуу болбош керек. Анын айтымында, цивилизациялар бир-бирин толуктоого тийиш:
- Батыш менен ислам дүйнөсү ортосундагы кагылышуу тууралуу сөз кылуу өзү туура эмес, алар бир-бирин алма менен апельсин толуктагандай болуш керек. Жалпы дүйнөлүк аң-сезим бизди жалпы баалулуктарды сыйлаган ынтымакка жылдырууга тийиш. Христиандар менен мусулмандар биргелешип СПИДке каршы күрөшүп жаткандай ынтымак болуш керек.
Эл аралык соода уюмунун мурдагы жетекчиси Майкл Мурдун айтымында болсо, демократия менен ачык коомдун артыкчылыгын бир эле мисалдан көрсө болот. Анын айтымында, 1960-жылы Түштүк Корея, Таиланд, Гана жана Мианма мамлекеттеринин өнүгүүсү бир деңгээлде жана ал өлкөлөрдөгү жашоо шарттары бирдей болгон. Бирок Түштүк Корея менен Таиланд кийин ачык коом курууга киришти жана азыр алардын элинин жашоо шарттары Гана менен Мианманыкынан 30 эсеге өйдө.