Анын чордону өлкөнүн түштүк-батыш районуна туш келди. Зилзаланын күчү Рихтер чен өлчөмүндө беш баллдан ашты жана жергиликтүү калкты катуу тапалаңга салды. Мындан мурдагы зилзаладан жабыр тарткан райондордо куткаруу иштери чоң кыйынчылыктар менен уланууда. Көнөктөп жааган нөшөрдөн жана катуу шамалдан алыскы райондорго жеткенге мүмкүн болбой жатат. Ырасмий эсептерде кырсыктан набыт болгондор саны 33 миңге жетти. ООНдун өкүлдөрү кыргынга учурагандар кырк миңге барат, деп божомолдоп жатышат.