Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:29

Иракта Конституция долбоору боюнча мунаса табылды


Ирактын президенти Жалал Талабани өлкөнүн негизги саясий лидерлери Конституциялык алымча-кошумчалар боюнча мунасага жетишишкенин билдирди. Сунилердин көпчүлүгү Баш мыйзамдын долбооруна макул болбой, талаш-тартыштар козголоңчулардын кол салуулары менен коштолуп келген. Жаңы макулдашууга ылайык, Конституцияга референдумдан кийин да өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

XS
SM
MD
LG