Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

КЫШ КЕЛАТАТ, ӨКМӨТТҮН ДАЯРДЫГЫ НАЧАР


Кышка даярдыктын абалы дуруспу? Конституциялык кеңеш мүчөлөрүнүн көптүгү жалпы ишке салакасын тийгизбейби? АКШнын Ганси аскер базасынын эртеңкиси кандай? Ыңкылапка кубаттуу дем берген зайыптар эмнеликтен кызматтан четтеп калышты?

Конституциялык кеңешме ишин баштарга чукул президенттик кызмат, элин таштап качып кеткен А. Акаевдин жоругу тууралуу 11-октябрдагы «Слово Кыргызстана» гезити «Элмурас» партиясынын жетекчиси Токтокан Боромбаеванын «Акаевди жетелеп алып келиштин кереги жок» деген аталышта маегин жарыялады.

«Кечээги президент Акаев болсо өз элинен, анын түрүнөн, сүрүнөн, кайратынан коркуп мамлекетти, Гербди, Гимнди, Желекти (тууну), элди таштап, уурдаган байлыктарын көтөрүп качып кете бербедиби», дейт мударис Кусейин Исаев ушул эле күнкү «Эркинтоо» гезитиндеги маегинде.

Каракече көмүр кенине байланышкан чатак, кышка отун проблемасы илең-салаң чечилип жатканы апта башында чыккан кыргыз гезиттеринин дээрлик баарында баяндалды. «Слово Кыргызстана» гезити кендеги жардыргыч заттардын сакталышы коопсуздук эрежелерине жооп бербестигин маалымдаса, «Кыргыз туусу», «МСН», «Вечерний Бишкек» гезиттери Каракечеден Бишкекке тартылып келген отундун начардыгын жазып чыгышты.

«ТЭЦтин адистери билдиргендей, бул жылы ал жактан пландаштырылган 120 000 тоннанын ордуна 12 000 тонна гана ташылып келгени билинди. Ошондой эле алынып келген көмүрдүн сапаты талап кылынчу стандартка жооп бербегендиги нааразылыктарды туудуруп, премьер-министр «Көмүр» мамлекеттик ишканасынын башчысын жумуштан алуу маселесин козгоду», деп кабарлайт Ж. Эргешбаева «Эркинтоо» гезитинде.

Ири өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктары, аларды кабатырга салган эларалык террорчулукка каршы күрөш башкача нукка түшкөнү 11-октябрдагы «Вечерний Бишкек» гезитиндеги АКШдан келген эксперт Е. Новиковдун маегинде козголгон. Эл аралык террорчулук менен жөнөкөй аскерлердин күрөшүүсү анчалык натыйжа бербейт. Аны менен атайын даярдалган аскер күчтөрү күрөшкөнү оң. Ооганстандагы абал жөнгө салынса бул жерде Ганси аба базасын кармап туруунун кажаты деле жок. Орусия менен Кытайды ооздуктап туруш үчүн база кармап турууну АКШ деле каалабайт, дейт О. Новиков.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада абал кооптуу бойдон калып жатканына шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы кайрылды. Өзбекстан президенти бийлигине каршы чыккандарды коңшу өлкөлөргө кууп жиберип, мамлекетин өз алдынча каалашынча башкарууга кызыкдар.

Ал эми Кыргызстандагы оппозиция азырынча биримдикке келе албай, биринин бийликтен биротоло кол үзүүгө кудурети жетпей, экинчисинин чечкиндүү аракети өнөктөштөрүнөн колдоо таппай, арасат турганы Д. Орловдун макаласында баяндалган.

Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн саны мурдагысынан эки эсеге көбөйдү. Оголе көп кишинин катышуусунда Конституцияга өзгөртүү киргизүү сындуу татаал иштин натыйжалуу жүрүшү күмөн, деп белгилейт шаршемби күнкү «Республика» гезитинде саясат таануучу Алымбек Биялинов. Автордун ырасташынча, Конституция дегендин өзү коомдогу саясий күчтөрдүн өз ара мунасасы, келишими. Аны так, кынтыксыз жасаш үчүн кызыкдар күчтөргө көз карандысыз коомдук институт болушу абзел. Ансыз өлкөнүн кийинки өнүгүү багытын аныктоо кыйын.

Ыңкылаптан кийин алеп-желеп болгондордун деми басылып, кыялдардын көбү аткарылбай эле калды. Революциянын локомотиви катары сыпатталгандардын эмгеги эске алынбай четте калышты, ак жоолукчандарды бийликке жолотпой жалаң эркектерден турган парламент, өкмөт түзүлгөнү Татьяна Попованын «Куру кыял жок – аялдар ыңкылаптын запас жолунда калышты» деген макаласында козголгон.

Франциялык Жаклин Рипар деген зайып кыргыздын тоо жылкысына кызыгып, аны дүйнөгө таанытуу аракетин жасап, ушул жылдын ноябрында Көлдө атчабыш өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканын шаршембидеги «МСН» гезити жазды.
XS
SM
MD
LG