Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Башкы прокуратура Айдар Акаевди кармап берүүнү өтүнүчү менен Орусия бийлигине кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурсы учурда Орусиянын аймагында жүргөн мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаевди кармап берүүнү өтүнүп, Орусиянын тартип коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Кыргызстандын Баш прокурорунун орун басары Жумадил Макешов билдирди. Анын айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары кол койгон Минск конвенциясына ылайык, Орусия бийлиги Айдар Акаевди кармоого жардам көрсөтүүгө милдетүү. Кошумчалай кетүүчү нерсе, мындан бир нече күн илгери Баш прокуратура тарабынан Айдар Акаевге кылмыш иши козголгон. Андан көп өтпөй бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, Айдар Акаевге кылмыш ишин козгоого уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG