Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

ПАСПОРТ, КОНДОЛИЗА РАЙС, БАШКЫ ПРОКУРОР, КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ


Кыргызстанда буюрса жыл аягына чейин паспорт маселеси чечилип калышы ыктымал. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Кыргызстанга иш сапары ийгиликтүү өттү. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы суу, жер, чек ара чатагы дагы тереңдей бериши мүмкүн.

АКШ Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын иш сапары Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын дагы тереңдешине куштар экенин билдирген өзүнчө бир маанилүү окуя болду, деп белгилейт бейшемби күнкү «Лица» гезити. Басылманын ырасташынча, Мамлекеттик катчы Кыргызстан туруктуу демократияга негизденген коом куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканын белгилеп, Конституциялык реформаны ийгиликтүү өткөрүүсүн каалай тургандыгын билдирди. Кыргызстандагы экономикалык реформаларды ыкчам жүргүзүүгө кеп-кеңеш берүү үчүн адистерди жөнөтүүгө АКШ өкмөтү куштар экенин маалымдады.

13-октябрдагы «Общественный рейтинг» гезитинде Кыргызстандын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевдин маеги жарыяланган. Б. Табалдиев аксылыктардын талабын уккандан кийин кызматтан кетүүгө көңүлдөнүп калганын, жакын арада бошонуу тууралуу арыз бере турганын билдирген.

Мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун маалымдоо каражаттарына берген маектеринде келтирилген фактылардын көбү чындыкка дал келбестигин жума күнкү «Жаңы ордо» гезити жазып чыкты.

Кыргызстандыктардын жүрөкзаада маселеси – паспорт көйгөйү жыл аягына чейин чечилип калыш ыктымалдыгын 14-октябрдагы «Бишкек таймс» гезити маалымдады. Мааламыт ресурстары, технологиялар жана байланыш боюнча улуттук агенттик жарыялаган тендерди Түштүк Кореянын Venture C&C Plaza компаниясы жеңип алып, биометриялык талапка ылайык жаңы үлгүдөгү паспортторду, өлкө ичинде колдонуучу пластик карточкаларды Кыргызстандын өзүндө жасоого киришкени турат. Пластик карточканын баасы 1,2 евро, дипломаттык, кызматтык паспорттордун баасы 10 евродон – 500 сомдон ашпайт, деп жазат журналист Эмилбек Момунов.

Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 40 пайызга жакыны техникалык, коммерциялык жоготуулардын эсебине киргизилип келатат. Өзүн сыйлаган өлкөдө мындай чарбасыздыкка жол беришпейт, деп белгилейт Мамасалы Апышев жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде. Тармакты жеке менчикке толук өткөрүү иши кечеңдеп, ортодо саясий талаш токтолбой улантылууда. Буга кошумча, чогултулган акчалардын кыйласы бюджетти кыйгап кетип жатат. Иши кылып, киреше берчү тармактын кризистин сазынан чыгышы күмөн, дейт М. Апышев.

Милициянын подполковниги Жаманкул Жунусовдун ички иштер кызматындагы терс көрүнүштөрдү баяндаган маеги жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде чыкты. «Жок жерден айып тагылып түрмөлөрдө кордолуп, басмырланып, ден соолугунан ажырап, анан түрмөдөн чыккандан кийин же түрмөдө жатканда акталса ага эч ким компенсация төлөп бербейт экен, аларды жалган жерден айыпка жыккандар жаза да алышпайт тура», дейт Ж. Жунусов.

Шанхай кызматташуу уюмунун ичиндеги эки өлкө - Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилеси дагы салкындай бериши ыктмал деп эсептейт саясат таануучу Токтогул Какчекеев. НАТОнун ичиндеги эки өлкө Кипр менен Түркиядай болуп Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара, суу, жер маселеси боюнча өз ара ымалага келишпей, нааразылык күчөй берет, дейт. Бирок аны алыска акыл сермей албаган өлкө башчылары байкабай калышы мүмкүн, деп белгилейт макала автору «Кыргыз руху» гезитиндеги макаласында.

Президент К.Бакиевге эмитен эле ачуу сындар жаап, Акаевге нааразы болгондор жаңы бийлик башчысын моокуму канганча ур-тепкиге алышууда, деп жазды жума күнкү «МСН» гезитинде Л.Жолмухамедова. Ушул эле темага «Кыргыз туусу» гезити да кайрылган. К. Бакиевге иштөөгө бир аз мүкүнчүлүк бериш керек дейт президенттин бир тууган иниси Жусуп Бакиев басылмадагы маегинде. Президентке өкмөттү да башкаруу тизгинин берип, андан соң жоопкерчиликти талап кылса туура болмок, дейт Жусуп Бакиев.
XS
SM
MD
LG