Канаттуулар сасык туомоосунун Европа өлкөсүндө тутанышы региондо бир топ дүрбөлөң салды. Еврошаркет өлкөлөрүнүн дарыканалары сасык тумоого каршы эң эффективдүү препарат катары көрсөткөн Тамифлу дарысы болуп көрбөгөндөй тездик менен сатылып кетип жатканын кабарлашууда. Калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз бар, анткени бейшемби 13-октябрь күнү Еврошаркет уюмга мүчө 25 өлкөгө кайрылып, сасык тумоого каршы дарылардын жетиштүү корун түзүүнү талап кылган. Мындай талап Түркиянын үй канаттууларында чыккан сасык тумоосунун вирусу H5 N1 деген түргө таандык экени аныкталган соң койулуп отурат.
Түштүк Азия өлкөлөрүндө 2003-жылдын соңунда чыккан бул вирус канаттуулардан адамдарга жугуп, ооруга чалдыккан 100дөй кишинин, бери дегенде, 65инин өмүрүн алып кетти. Ошон үчүн сасык тумоо чыккан Румыния менен Түркияда дарыканалардын алдында дары алууга кезек күткөн адамдар арбын. Чет өлкөдөн импорттолуп келген Тамифлу дарысы кымбат болгондуктан, аптекалар адатта бул дарынын бир нече коробкасын гана сатып алышчу. Ошон үчүн бул эки өлкөдө тең фармацефттер суроо талапты канаттандыра албай жатышат. Түркиянын "Миллиет" гезитинин билдиргенине караганда, өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги бир миллион доза Тамифлу дарысын сатып алууну көздөп жатат. Дарыга болгон суроо талап Европанын дээрлик баардык өлкөлөрүндө өскөндүгү байкалууда.
Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө 2003-жылдын соңунда пайда болгон илдеттен айрыкча Вьетнам катуу жабыр тартты. Регион өлкөлөрүндө миллиондогон баш үй канаттуу кырылып, же илдетти жайылтпоо үчүн атайылап жок кылынды. Жума, 14-октябрь күнү АКШнын саламаттык сактоо министрлиги Майк Леавитт Ханойдо Вьетнамдын саламаттык сактоо министри менен жолугушуп, анын өлкөсү Вьетнамга жардам бере турганын айтты:
- Биз чара көрүүбүз керек, ага азыр даярданып жатабыз. Канаттуулар сасык тумоосунун пандемиясы тутануусу мүмкүндүгүн эч ким билбейт. Бирок келгин куштардын жолунда турган Түркия менен Румынияда болгон окуялар өтө тынчсыздандырды.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Азия жана Тынч Океан бөлүмүнүн директору Шигеру Оми илдеттин коркунучун алдын ала болжоп болбой турганын айтат. Бул илдетке каршы күрөшүү үчүн Улуттар Уюмуна кеминде 216 миллион евро керек. Коркунучтуу илдет менен алпурушуп жаткан Азия өлкөлөрүнө жардам берүү максатында буга чейин уюмга ар кайсы донорлордон 16 миллион евро келип түштү.