Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Карасуу районунун акими кызматтан алынды


БИШКЕК. Президенттин буйругу менен Ош облусунун Карасуу районунун акими Абибула Бабанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жума башында Абибула Бабанов Карасуу базарынын башчылыгына Жолборс Осмоновду дайындаган эле. Бирок көп өтпөй Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков бул дайындоонун мыйзамсыздыгын, Карасуу базары боюнча сот чечими күчүнө кире электигин билдирген.

XS
SM
MD
LG